• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМи А.Атамбаевдин билдирүүсү боюнча Казакстан тарапка түшүндүрмө берди

Саясат 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин 1-орун басары Динара Кемелова Казакстандын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдын 17-февралында Евроньюс телеканалына берген маегинен улам Казакстан ТИМинин комментарийине байланыштуу Д.Кемелова Казакстан тарапка 2010-жылдагы кырдаал тууралуу маалымат берди, ошол мезгилде апрель окуяларына байланыштуу Казакстан тарап чек араны жапкандан улам адамдарга олуттуу көйгөйлөр жаралып, Кыргызстандын жарандарын өлүмгө алып келген. Тактап айтканда, чек арадан легалдуу өтүү мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, жаштар Чүй суусун кечип өтүүгө аракет кылышкан. Баласы кырсыктаганын уккан ата-эне чек аранын жабыктыгынан ага медициналык жардам көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле, Кыргызстандын ТИМинин башчысынын орун басары ошол бир жарым айлык мезгилде дары-дармектин жетишсиздигинен оорулуу адамдардын мерт болуп калган учурлары болгондугун, Кыргызстанга өтө зарыл дары каражаттарынын келбей калгандыгынан улам миңдеген адамдардын өмүрү коркунучта калгандыгын, чек аранын жабылышы Кыргызстанда чыңалууну жаратып, жарандардын социалдык-экономикалык абалынын начарлашына алып келгендигин айтты.

“Мындан ары конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында аталган маселе боюнча талаш-тартыштан четтеп, биздин мамлекет башчыларыбыз койгон милдеттерди ишке ашырууга киришүүбүз керек”,-деди Д.Кемелова.

Ошондой эле, КР Тышкы иштер министринин 1-орун басары бүгүнкү күнү 12 көзөмөл өткөрүү пункттарынын төртөө 2003-жылдын 25-декабрындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууну бузуу менен жабык бойдон турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий