• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков: “Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо аркылуу ЕАЭБдин базарына чыга алабыз”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва районунун Ак-Суу айылындагы “Кыргыз тоют-дан кургатуу” ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз тоют-дан кургатуу”жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) дан кургатуу менен дыйкандарга кызмат көрсөтөт. Аталган ишкананын жетекчиси Хе Годундун айтымында, саатына 40 тонна данды кургатуу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда бир катар айыл чарба ишканалары менен кызматташууда.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул чакан ишкананын элге көрсөткөн кызматынан маалыматалган соң, иш сапарда жүргөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо аркылуу ЕАЭБдин базарына чыга аларыбызды айтып, ал үчүн ички мүмкүнчүлүктөр талап кылынган калыпка салынышы керектигин баса белгиледи. Чыныбай Турсунбековдун белгилөөсүндө, тиешелүү лабораториялардын курулушу шарт. Антпесе, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында биз күткөн жыйынтыктарга жетпей калабыз. “Дегеле өндүрүштү колдоодо комплекстүү чаралардыкөрүшүбүз зарыл. Мындай иш-аракеттерге батыл киришпесек, биз убакыттан да уттуруп, каржылык чыгымдарга дуушар болуп калышыбыз мүмкүн”,- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков бүгүн “Кайыңды-кант” заводу, мал чарба продукцияларын өндүрүүчү “Арстанбек” мекемесинин ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасынын Чүй облусундагы жумушчу сапарына Бакирдин Субанбеков, Кожобек Рыспаев, Элвира Сурабалдиева жана Бактыбек Райымкулов, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий