• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Казакстан жана Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон бүгүн Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Бүгүнкү күндө Сиздин абройлуу жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан өлкөнүн туруктуу өсүшүн жана социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү демилгелерди жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда.

Сиздин стратегиялык курсуңузду бекем кармануу менен Кыргызстан алдыга карай ишенимдүү кыймылын улантып, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды ийгиликтүү ишке ашырат деп ишенем.

Кылымдардан бери келе жаткан достуктун, ынак коңшулуктун жана өз ара колдоонун духунда дайыма өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жеке Сиздин эбегейсиз салымыңызды жогору баалайм.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жетишкендиктерибизди арттырып, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштарды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарабыз деп ишенем.

Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, бир тууган Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун аянтчасында өз ара түшүнүшүү жана өз ара урматтоо маанайында биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин актуалдуу маселелерин ар тараптуу талкууладык.

Бул жолугушуунун оң натыйжаларына канааттанганымды билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар экенибизди баса белгилейм. Тажик-кыргыз достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери биргелешкен күч-аракеттердин аркасында мындан ары да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда өнүгө берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий