• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМи этникалык кыргыздардын Тажикстандан чыгарылышы боюнча комментарий берди

Саясат 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жараны болгон этникалык кыргыздардын Тажикстандан чыгарылышы боюнча комментарий берди.

ТИМдин комментарийинде мындай деп айтылат:

“Тажикстанда убактылуу же туруктуу жашаган кыргыз жарандарын чыгаруу фактысы бизге белгилүү. Аталган маселе Тажикстан ИИМинин паспорттук-миграциялык кызматы тарабынан Лахшс (мурдагы Жергетал) районунда күтүүсүздөн текшерүү жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу алгачкы маалымат түшкөндөн кийин үстүбүздөгү жылдын март айынын ортосунан тартар КР ТИМинин туруктуу көзөмөлүндө турат.

Кыргыз тараптын тынчсыздануусун КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаев үстүбүздөгү жылы 1-апрелде Москва шаарында өткөн КМШ ТИМК кезектеги жыйынын алкагында Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри С.Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуусунун жүрүшүндө айткан.

Ошондой эле, белгилей кетүүчү жагдай аталган маселе Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде талкууланууда.

Кырдаалды чечүү максатында биз тараптан тажик тарапка жакын арада консулдук маселелер боюнча ТИМдер аралык консультация өткөрүү сунушталган”.

Пикир

Оставить комментарий