• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.

Ошондой эле Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.

Пикир

Оставить комментарий