• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын президенти Казанда «Келечек оюндарынын» ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Татарстандын Казань шаарында «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу аземди Россиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөп ачты.

Иш-чарага Россиянин лидеринин чакыруусу менен Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты.

Мамлекет башчылары өз өлкөлөрүнүн оюнчулары менен эне тилдеринде саламдашышты.

Ачылыш аземден кийин президент Садыр Жапаров башка мамлекет башчылар менен биргеликте «Келечек оюндары» инсталляциясын жана «Digital Sport» жаңы дисциплиналары боюнча арт-объекттерди көрүп чыкты жана «Dota-2» жана «Фиджитал-футбол» дисциплиналары боюнча мелдеш залдарын кыдырып, мында машыгууларга жана командалардын оюндарына байкоо жүргүздү.

«Келечек оюндары» – жогорку технологиялык спорттук шоу, ал өзүнө спорттун классикалык түрлөрү боюнча гибриддик спорттук мелдештерди жана алардан санариптик үлгүлөрүн камтыйт. «Оюндар» 2024-жылдын 21-февралынан 3-мартка чейин өткөрүлүүдө. Турнирге 107 өлкөдөн келген 270тен ашык команда жана 2000ден ашуун спортчулар катышууда. Мелдештердин программасы 21 дисциплинадан турат, алар 5 чакырыкка бөлүнгөн: спорт, тактика, стратегия, технология жана ылдамдык. Бардык дисциплиналар фиджитал концепциясын колдойт – классикалык спортту, киберспортту жана технологияларды бириктирип турат.

Кыргызстандан «Келечек оюндарына» беш адам катышууда. HYDRA командасынын спортчулары Аманбек Юнусали жана Виктор Котляревкий Dota 2 оюнуна катышып жатышат. Ошондой эле бул оюнга One move өкүлү - Кыялбек Тайиров катышууда. Ата мекендик спортчуларыбыздан дагы экөө - Мирбек Бакиров жана Арсен Касымов спорттук программалоо боюнча күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий