• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун 400дөн ашуун тургуну "кызыл китептүү" болду

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Аламүдүн районунун Ак-Босого, Теңдик, Салкын-Төр конуштарынын 400дөн ашуун тургунуна жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди.

Тиешелүү документти президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев тапшырып, президенттин тапшырмасы менен облуста жер мунапысы боюнча иштер активдүү уланп жатканын белгиледи. Кийинки этап дачалардагы тилкелерди мыйзамдаштыруу болмокчу.

"Бүгүнкү күндө облус боюнча жер мунапысы боюнча 42 миңден ашык арыз келип түшкөн, коомдук билдирүүдөн 27 590 арыз өтүп, 19 641 чечим чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарадан кийин тургундар президент Садыр Жапаровго, Канат Жумагазиевге, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин, райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирип, үйлөрүнө жакшы маанайда тарап кетишти.

Пикир

Оставить комментарий