• 88.68
  • 95
  • 0.95

Асел Чынбаева президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн орун басарлары менен балдардын укугун коргоо маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.04.22./Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева бүгүн, 12-апрелде, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана Ош, Бишкек шаарларынын вице-мэрлери менен балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону камсыздоо боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрдүн балдарга тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарын, актыларын аткаруу боюнча ишмердүүлүгүн координациялоону чыңдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Негизинен, республикада жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун жана социалдык кызматкерлердин натыйжалуу ишин уюштуруу тууралуу.

Асел Чынбаева балдардын билим алуу укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуунун, балдар арасындагы зордук-зомбулуктун, суициддин алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүнн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аз камсыз болгон балдарды өз убагында аныктап, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий