• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Бишкекке Дубайдан 178 кыргызстандык алынып келди

Коом 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекке «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен 178 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдарак Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен "Дубай-Бишкек" маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

“Аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилген”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдар коронавирустун жайылуусунан улам убактылуу токтотулган.

Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын БАЭден 3-майда жана 10-майда мекенине алып келүү үчүн кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишилгендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий