• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмомали Рахмондун сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө унаа жолу 1 саатка жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө унаа жолу бүгүн, 26-июлда гана жабылып, жолду жабуу 1 сааттан ашпайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жумушчу сапары 26-28-июль күндөрү болуп өтөт.

"Буга байланыштуу кортеждин тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейин кортеж өткөн учурда жол убактылуу жабылары айтылган. Такталган маалымат боюнча, жол бүгүн, 26-июль күнү 1 сааттан ашпаган убакытка жабылат. Калган күндөрү жол жабылбайт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик 26-28 күндөрү Ысык-Көлдө жол жабылат деп кабатыр болбой, жол эрежесин сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий