• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери массалык уулануу боюнча 39 факты катталган

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын I жарымында массалык уулануу боюнча 39 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары, КРнын башкы санитардын дарыгери Эркин Чечейбаев кабарлады.

Анын айтымы боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу бул 9 көрсөткүчкө көп.

“Анализдер көрсөткөндөй массалык уулануунун негизги себептери болуп тамак-ашты туура эмес даярдоо, азыктарды туура эмес сактоо, ошондой эле ресторан жана кафелердин кызматкерлеринин санитардык нормаларды аткарбоосу болгон”, - дейт дарыгер.

Чечейбаевдин пикири боюнча, коомдук тамактануу жайларын текшерүүлөрдүн сапаты абдан төмөндөгөн. “Бул абдан кооптуу, анткени коомдук тамактануучу жайлар – бул жалпы саламаттыктын коопсуздугу. Текшерүүлөр азайган, бирок сантекшерүүлөр жок дегенде жылына эки жолу жүрүшү керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий