• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Термез шаарына иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы Термез шаарына иш сапары менен барды.

Элчиликтен билдиришкендей, Жаманбаев сапардын алкагында Афганистан менен чектешкен "Термез "эл аралык соода борборунун" экономикалык жана техникалык потенциалы менен таанышты.

Ошол эле учурда Борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги, ишкерлер үчүн жеңилдиктер жана преференциялар, колдоо чаралары жана башка маселелер иликтенди.

Ошондой эле Кыргызстандын элчиси иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Сурхандарья облусунун хокими Улугбек Косимов менен жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын табуу жана активдештирүү, Кыргызстандын бир облусу менен боордоштук байланыштарды орнотуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, элчи жарандык, өнөр жай багытындагы объекттерди куруу, курулуш материалдарын өндүрүү жана гранитти иштетүү чөйрөсүндө адистешкен "Сурхан Саноат Гурилиш" компаниялар тобунун төрагасы Баходир Кадиров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү үчүн кыргыз ишкерлери менен ишкер байланыштарды түзүү зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий