• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрү, жарнамалар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрү, жарнамалар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен калаанын Ленин, Чехов жана Ж.Бакиев көчөлөрүндөгү тротуарларга мыйзамсыз коюлган жана илинген, шаардын көркүн бузган жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып жаткан жарнамалар, соода күркөлөрү алынууда.

Мэриядан белгилешкендей, иретке келтирүү иши алдыда шаардын бардык көчөлөрүндө улантылат.

Пикир

Оставить комментарий