• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20 /Кабар/. Бүгүн, 27-август күнү Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаадагы Северный, Транспортный, Мадаминов, Исакулов, Токтогул көчөлөрү, Ленин көчөсүнүн №43, 47, Н.Айтматова көчөсүнүн №3, 4, Первомайская көчөсүнүн №60, 62, 64 көп кабаттуу үйлөрүндө, Береке базарынын аймагында саат 10:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий