• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтүп, ага 1 миңден ашуун адам катышты

Коом 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтүп, ага 63 мекемеден 1252 адам катышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин району боюнча 14 мекемеден 364 адам ишембиликке чыкты. Алар бекитилген аянтты тазалап, 190 түп көчөт отургузушту.

Октябрь району боюнча ишембиликке 16 мекеме-уюмдан 320 адам катышты.

Биринчи май району боюнча ишембиликке 18 мекеме-уюмдун кызматкерлеринен жана шаар тургундарынан турган 368 адам чыкты.

Свердлов району боюнча ишембиликке 200 адамдан турган 15 мекеме-уюм катышты.

Борбор калаанын мэриясы ишембиликке катышкан шаардыктарга, мекеме-ишканаларга ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий