• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда ички иштер органдарынын ардагери Ибрагим Шатманалиев сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Ибрагим Шатманалиев сыйланды

Облустук милициядан билдиришкендей, Ибрагим Шатманалиевге ИИМдин "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы, куттуктоо баракчасы тапшырылып, калпак, чепкен кийгизилди.

Сыйлоо аземине Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, бөлүм башчылары катышты.

Жеңишбек Абитов ардагерди 60 жашка толушу менен куттуктап, бекем ден соолук каалады. Анын милицияда иштеген жылдары топтогон тажрыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүп, ар дайым сый-урматтын үстүндө жүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде, Ибрагим Шатманалиев Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өздүк курам арасында жоготуулар болбой, иштеринде ийгиликтер коштоп жүрүүсүн тилеп, ак батасын берди.

Ибрагим Шатманалиев ички иштер органдарында 1991-жылдан тартып кызмат өтөп баштаган. 2010-2015-жылдары Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, 2015-2017-жылдары Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын кызмат иштери боюнча орун басары болгон. Андан соң 2017-2018-жылдары Талас ОИИБдин башчысынын кызмат иштери боюнча орун басарлыгын аркалап, ардактуу эс алууга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий