• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палаталары "Достук" чек ара постунда тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачууну талкуулашты. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маселени талкуулоого эки өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин жана ветеринардык кызматтарынын кызматкерлери, андан тышкары бизнес-ассоциациялары жана эксперттери катышты.

"Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы 20-21-февралда "Достук" чек ара постунда мониторинг жүргүзүүгө даяр экенин айтып, тез бузулуучу азыктар үчүн өзүнчө өткөрүүнү ачуунун максатка ылайыктуулугун ырастады. Өзбекстандын Бажы кызматы дагы Кыргызстандан товарларды токтоосуз өткөрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", - деп билдиришти КР Соода-өнөр жай палатасынан.

Атап айтканда, өзбек тарап кыргыз форелин импорттоого кызыкдар жана Кыргызстандын балык чарбаларынан бардык сунуштарды чогултууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий