• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрия: Бишкектин бардык райондору сугат суу менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бишкектин бардык райондору сугат суу менен камсыз болду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарына Ала-Арча дарыясынан 1 куб суу, Аламүдүндөн - 0,8 куб суу, Чыгыш Чоң Чүй каналынан - 1,8 куб суу сугат үчүн келди.

Биринчи май районунда сугат: Ч. Айтматов проспектиси Манас Кыргыз-Түрк университетинен Чүй проспектисине чейин, Планетарий, Панфилов, Раззаков, Чүй, Эмен паркы, Эркиндик бульварында жүргүзүлдү.

Октябрь районунда: Каралаев көчөсү 4-кичи район, Физкультурный сейил багы, Байтик Баатыр көчөсү, Адинай паркы, Ынтымак 2 паркы, Масалиев проспектиси сугарылды.

Свердлов районунда: 7-апрель көчөсүндөгү бакчада, Чолпон-Ата көчөсүндө, Ибраимов көчөсүндө кудук аркылуу бөлүүчү тилкеде, Достоевский көчөсүндө, ал эми Ленин районунда: Мамлекеттик резиденцияга жакын сейил бакта, Семетей көчөсүндө сугат иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, атайын унаалар менен шаардын 4 районунда сугат иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий