• 88.68
  • 95
  • 0.95

Молдоисаева БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-июлунда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы ассамблеясынын Бириккен Улуттар Уюмунун терроризмге каршы Глобалдык стратегиясын карап чыгуу боюнча жыйынына катышты.

Дебаттардын алкагындагы сөзүндө М.Молдоисаева, Кыргызстандын, терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук, регионалдык жана эл аралык аракеттерди күчөтүүгө багытталган уникалдуу глобалдык документ болгон БУУнун Глобалдык терроризмге каршы стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууну бекем колдой тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу адкагында БУУнун мүчө-мамлекттери ортосундагы кызматташтыкты өрчүндөтүү жана мамлекеттердин терроризмге каршы потенциалын бекемдөөсү эң маанилүү экендигин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий