• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУ Баш катчысынын жардамчысы Атамбаевге жолукту

Президент 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-августта, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык Бюронун директору Джихан Султаноглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн БУУнун системасы менен кызматташуу маселелери жана мындан аркы өз ара аракеттенишүүнүн келечеги, анын ичинде туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу Максаттары жана “Таза коом” санариптик трансформациялоо программасы менен үндөшкөн Кыргызстанды 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруунун контексинде кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттерештин Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жардамчы Джихан Султаноглуга ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык айтып, аталган форум ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо ишине көмөктөшөөрүнө ишенимин билдирди.

Джихан Султаноглу БУУнун Өнүктүрүү Программасы Форумду өткөрүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгилеп, бул иш чараны өткөрүүнү экинчи ирет демилгелеп жаткан Кыргызстан ак илбирсти сактоо ишине сезилээрлик салым кошуу менен бирге дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга да өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге Алмазбек Атамбаев Президент болгон жылдары Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, демократиянын чыңдалышында, таза шайлоолорду өткөрүүдө, адам укуктарын коргоодо, коррупцияга каршы күрөшүүдө жана туруктуулукту сактоо ишинде жакшы жылыштар болуп жаткандыгын белгилеп өттү. “Сиз артыңызда жакшы мурас калтырып жатасыз”, -деди Джихан Султаноглу.н

Пикир

Оставить комментарий