• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын ченемдериндеги карама-каршылыктарды, кемчиликтерди жана боштуктарды жокко чыгаруу, Евразия Экономикалык Биримдигинин укуктук ченемдик актылары менен гармонизациялоо жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий