• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Абулгазиев: Финансылык каражаттар чектелүү болгондуктан муктаж болгон объекттерди так аныктап алуу зарыл

Өкмөт 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Финансылык каражаттар чектелүү болгондуктан, муктаж болгон объекттерди так аныктап алуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев Түркия Республикасы тарабынан берилген насыянын эсебинен аткарылган иш чаралардын Планын координациялоо боюнча комиссиянын жыйынында билдирди.

«Келечекте ички жана тышкы милдеттемелерди күчүндө кармап туруу үчүн мамлекеттик бюджетке болгон кысымдын күчөтүлүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу тартылган ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө маани берүү керек»,-деди Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, комиссиянын жыйынында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев Түркия Республикасы тарабынан берилген насыянын эсебинен ишке ашып жаткан долбоорлорду каржылоо боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан баштап, 2017-жылдын июль айына чейин Туркия Республикасы тарабынан 2012-жылдын 28-июлунда кол коюлган эки мамлекеттин Өкмөттөр аралык келишимине ылайык берилүүчү 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын 97 млн АКШ доллары берилген. Бул каражатка ишке ашып жаткан 9 долбоордун 8 аягына чыкты. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн техникаларды сатып алуу боюнча бир долбоор аягына чыгар алдында турат.

Бул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков маалымат берип, өрт өчүрүү тармагына техникаларды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары Түркия тарабынан берилген каражаттын эсебинен республика боюнча социалдык объекттер анын ичинен мектептердин курулуш иштерин аягына чыгаруу маселеси да каралган.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү министрликтерге долбоорлорду сапатуу аткарып, аягына чыгарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий