• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 7 үй курууга материалдык жардам бөлдү

Президент 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарындагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга 7 жеке турак үйдү курууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 10 490 900 (он миллион төрт жүз токсон миң тогуз жүз) сом бөлүп берди.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын турак жай курууга каражат бөлүү тууралуу чечими жаратылыш кырсыгынан үйлөрү жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн оор материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий