• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Саммитинин ачылыш аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземи болду.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна келип, ал жакта иш-чаранын ачылыш аземине катышты.

Саммит алкагында мамлекет башчысы эртең, 2-ноябрда, кайрылуу менен чыгып, анда иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот.

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлеринин, эксперттер жана өкмөттүк чиновниктердин катышуусунда өткөн Улуу Британиядагы эң ири саммит болуп калары белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий