• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугуп, чек ара боюнча маалымат берүүдө

Президент 0


Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Дайырбек Орунбеков билдиргендей, жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди.

"Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет.

Ал эми “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз.

Президент менен бирге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди", - деп жазган президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий