• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышуусунун алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчылар 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык Жогорку Кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарды камтыган эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий