• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө 8 млн сомдон ашык каражат бөлдү

Коом 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайк, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан бөлүнгөн каражат (USAID) Баткен облусунда жер которгон 400дөй үй-бүлөгө берилет. Бул каражаттар Баткен облусундагы чек ара кагылышууларынан жапа чеккен кыргызстандыктардын шашылыш гуманитардык муктаждыктарын канааттандырууга багытталат.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясы бул көп максаттуу акчалай жардамды жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн таратат.

“Бул каржылоо Америка элинен Кыргызстандын элине колдоо. Биз Баткендеги жүздөгөн үй-бүлөлөр дуушар болгон кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берген эл аралык гуманитардык аракеттерге өз салымыбызды кошуп жатабыз”, - деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

«Буга чейин USAID ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу 1миң гигиеналык топтомдорду да берген болчу. Ал топтомдор 5 миң адамдын, анын ичинде Баткен облусундагы 2 миң баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий