• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ак-Суу” балдар реабилитациялык борборуна меджабдуулар жана тез жардам унаасы бөлүп берилет

Президент 0

Бишкек, 30.04.23 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүн керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоону, ошондой эле жаңы тез жардам унааларынын бирин бөлүп берүүнү тапшырды.

Президент 30-апрелде аталган борборго барып, ал жердин шарты менен таанышып чыккан.

Маалыматка ылайык, бул борбор 100 орунга ылайыкташып, атайын борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда церебралдык шал оорусу менен балдарды дарылоого багытталган.

Мамлекет башчысы реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашууда мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын белгиледи.

Материалдык-техникалык базанын жаңыланышы толугу менен заманбап мекемеге айланууга жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий