• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм — Садыр Жапаров Мелис Аспековдун каты жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабарга" берген маегинде камактагы жаран Мелис Аспековдун катына комментарий берди.

"Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок", – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун социалдык тармакта Мелис Аспековдун каты жарыяланган. Анда ал октябрь окуяларында Садыр Жапаров Райым Матраимовдон 3 млн АКШ долларын алгандыгын жазган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын мартында Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылды.

Белгилей кетсек. бул ага карата ачылган биринчи кылмыш иши эмес. 2021-жылдын январында УКМК "Кыргыз темир жолу" УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деп жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди кармаган.

Бир жылдан кийин Аспеков жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турган болуп 7 жылга эркинен ажыратылган. 2023жылдын 23-майында президенттин "Соттолгондордун ырайым кылуу" жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде колониядан чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий