• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн аял кармалды

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын февраль айынан тартып Россиянын укук коргоо органдары Ф.Т. атуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча издөө жарыялаган.

Ошентип, издөөгө алынган аял Бишкек шаарынын аймагынан жүзүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камераларынын жардамы менен быйылкы жылдын 18-мартында кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий