• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги ГМО үрөндөрүн Кыргызстанга ташып кирүүгө тыюу салынарын эскертет

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге ГМО (генетикалык модификацияланган организмдер) үрөндөрүнө тыюу салуу жөнүндө ЕАЭБдин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, алгач жүгөрү, кант кызылчасы, рапс, соя, помидордун эң кеңири таралган ГМО үрөндөрүн импорттоого тыюу салуу сунушталууда.

Үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан ГМО үрөндөрүн Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө КР мыйзамдарынын талаптарын аткаруу талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий