• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Венада кыргыздын улуттук ашканасынын даамдары жана кийизден жасалган буюмдары тартууланды

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Ноорузду майрамдоо боюнча расмий иш-чарага катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара «Society» дипломатиялык журнал тарабынан Афганистан, Азербайжан, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Австриядагы элчиликтери менен биргеликте уюштурулду.

Ноорузду майрамдоого Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Австриянын көрүнүктүү саясатчылары жана коомдук ишмерлери катышты.

Нооруз майрамынын алкагында элчилик коноктордун назарына кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсүн, анын ичинде кийизден жасалган буюмдарды, Кыргызстан тууралуу иллюстрацияланган басылмаларды, туризм боюнча буклеттерди жана каталогдорду тартуулады.

Иш-чаранын аягында катышуучулар элчиликтердин майрамдык дасторкондоруна чакырылып, коноктор арасында өзгөчө популярдуу кыргыз улуттук ашканасынын даамдуу тамактарына кирген боорсок, чак-чак, чучук, курут, сүмөлөк жана кургатылган жемиштерден ооз тийишти.

Пикир

Оставить комментарий