• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык окуучу БУУнун салтка айланган Жаштар форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын өкүлү - борбор калаадагы орто мектептердин биринин окуучусу А.Исабекова БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында салтка айланган Жаштар форумуна катышты.

КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, иш-чара 12-14-мартта БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын Венадагы штаб-квартирасында өттү.

Жаштар форуму жыл сайын мүчө мамлекеттер тарабынан көрсөтүлгөн жана баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, ден соолукту чыңдоо жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында жигердүү иштеп жаткан бүткүл дүйнөнүн жаштарын чогултат.

Аталган иш-чаранын алкагында анын катышуучуларына теңтуштарынын ден соолугун жана жыргалчылыгын кантип коргоо жана бул маселе боюнча жаштардын биргелешкен билдирүүсүн глобалдык деңгээлдеги саясий лидерлерге кантип жеткирүү боюнча ой, көз караш жана алдыңкы тажрыйба менен алмашууга мүмкүнчүлүк берилет.

2024-жылы Жаштар форумуна 27 мамлекеттен 35 жаш муундун өкүлдөрү катышты. Үч күндүн ичинде жаштар лидерлери тематикалык дискуссияларга активдүү катышууга, бири-биринин ой-пикирлери жана өз жамааттарынын алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар ошондой эле илимге негизделген алдын алуу боюнча ар кандай сессияларга, интерактивдүү топтук иш-чараларга жана ошондой эле КНСтин 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин параллелдүү иш-чараларына катышуу менен билимдерин кеңейтишти.

Жаштар форумунун ишинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү даярдалып, ал БУУ БКБнын жогорку деңгээлдеги сегментинде расмий түрдө жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий