• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гумбольдт университети менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлиндеги Гумбольдт университетинин Эл аралык жана европалык иштер боюнча вице-проректору, доктор Йоан Вилайн менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Берлиндеги дүйнөгө белгилүү Гумбольдт университети менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Текебаев билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берип, Берлиндеги Гумбольдт университетин Кыргызстандын ЖОЖдору менен билим берүү жана илим тармагында, анын ичинде университеттин ар кандай илимий программаларына катышуу аркылуу кыргызстандык жаш илимий аспиранттарды даярдоодо кызматташууну кеңейтүүгө чакырды. Элчи ошондой эле тоо маселелери боюнча кызматташуу маселесин да сунуштады.

Доктор Вилайн Гумбольдт университети Германиядагы алдыңкы университеттердин бири экендигин белгилеп, башка өлкөлөрдүн университеттери менен түрдүү долбоорлордун жана программалардын алкагында кызматташып, анын ичинде Кыргызстан менен да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатканын билдирди. Ал Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: Берлиндеги Гумбольдт университети 1809-жылы негизделген. Бул Германиядагы эң чоң 20 университеттин бири жана дүйнөдөгү эң атактуу университеттердин катарына кирет.

Университет 9 факультеттен турат, алардын ар бири бир нече институттарды камтыйт. Ошондой эле ар кандай борбордук жана дисциплиналар аралык институттар бар.

Пикир

Оставить комментарий