• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте 21-декабрдан тарта жаңы жылдык жарманкелер башталат (даректери)

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрынан тарта Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер башталат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке 21-декабрдан 26-декабрга чейин, саат 15.00дөн 18.00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында, ошондой эле 21-декабрдан 30-декабрга чейин, саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтмөкчү.

"Жарманкелерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталарын белгилей кетүү маанилүү. Беткаптар, антисептиктер, аралык, эми, эң негизгиси майрам алдындагы жакшы маанай керек", - деп баса белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий