• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

5-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Эртең, 5-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 11...17 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...1, күндүз 8...13 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 7...12 градус жана Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 12...17 градуска чейин жетиши ыктымал.

Ал эми өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...5, күндүз 16...21 градус жылуу болот.

Эртең, 5-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус, күндүз 15…17 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий