• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар" МАБ: Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүгүндө болду

Аналитика 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапар менен болду. Жапаровдун өлкөнүн түштүгүнө барышы Кыргызстанда жаңы лидердин пайда болушу жана алдыда маанилүү мамлекеттик реформалар жүргүзүлө тургандыгын көрсөтүү болду.

"Бул сыяктуу иш сапарлар бүтүндөй бир мамлекеттин лидери бар экендигин көрсөткөн психологиялык аспект. Мындай жигердүүлүктү иштин башталышында көрсөтүү абдан маанилүү. Садыр Жапаров шаарлардын жана облустардын эли менен болгон жолугушууларда алгылыктуу сөздөрдү сүйлөдү. Эл муну укту, эми тургундар анын толук кандуу аткарылышын талап кылышат деп ойлойм. Көз боёчулук менен алектенгендерди кыргыз эли жактырбаганын буга чейин далилдеп келген. Чечкиндүү иш-аракеттер талап кылынат, алар мамлекеттин калыптанышын жана анын андан аркы өнүгүүсүнө багытталат. Менимче, эл куру сөздөн жана кооз ураандардан тажады. Көпчүлүк экс-президент Жээнбековдун демилгелеринин аткарылышына нааразы болушту. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү боюнча жарыялаган демилгелер жетишсиз деңгээлде ишке ашырылды. Эл чечкиндүү кадамдарды күткөн. Андыктан, жарандар жаңы саясий лидер Садыр Жапаровдон аткарылбай калган демилгелердин ишке ашышын күтөт”, - дейт "Кабар" МАБдын туруктуу эксперти, саясий байкоочу Евгений Донченко.

Белгилей кетсек, Ош облусунун эли менен жолугушуу учурунда Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январына белгилеген президенттик шайлоо боюнча суроого өзүнүн позициясын билдирип, шайлоого талапкер катары катышарын кошумчалады.

"Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи деген суроолор айтылууда. Жогорку Кеңеш өз убагында президенттик шайлоонун датасын белгилей алышкан жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Мыйзам чегинде БШК шайлоо күнүн белгиледи. Мен буга чейин билдиргенимдей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт деп так белгиледи.

"Административдик ресурсту колдонуу чоң ооруга айланды. Анткени буга чейин админресуртар коолдонулуп келген. Андыктан Садыр Жапаров буга өзгөчө маани берүүдө. Бирок башкысы аны айтып эле койбостон бөгөт коюу керек", - дейт эксперт.

"Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш – бул административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм! Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче анын курмандыгынын бирөөсү мен болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп – камалдым. Бирок кудай бар экен, элим бар экен – баарын орду-ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем", - деди президенттин милдетин аткаруучу.

Ош облусунун эли менен жолугушууда Жапаров: "Мен үчүн элдин талабы, эрки жана бийлиги – баарынан улук" экендигин билдирген. Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча эл тараптан берилген суроолорго Садыр Жапаров жооп берип жатып, шайлоону өткөрүүдө Конституциянын ченемдерин так сактоо керектигин белгиледи.

"Эмне үчүн президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн чогуу өткөрүүгө болбойт деген суроо берилүүдө. "Биз конституциялык-укуктук талаага кайтып келдик" деп дүйнөгө жар салып жатабыз. Демек, Конституциянын ченемдерин так сактайлы, легитимдүүлүк сакталууга тийиш. Конституциянын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти гана Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт. Ошондуктан биринчи президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек" - деди Жапаров.

Ошондой эле партиялык система жана конституциялык реформа боюнча сөз кылды.

"4-октябрда болгон депутаттарды шайлоодогу элдин ичиндеги нааразычылыктар эң туура деп эсептейм. Партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады: кландык системаны жаратты, баарыбызды бай-кедейге бөлдү, уюшкан коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Ошондуктан элдин суроо-талабын аткаруу максатында биз конституциялык реформаларга барабыз. Азыр реформалар жана референдум боюнча тийиштүү эксперттер, адистер иштеп жатат. Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт. Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат. Элдин эрки жана акыйкаттуулук – бул түбөлүктүү сөздөр. Мен үчүн элдин талабы, бийлиги жана эрки – баарынан улук", - деди Жапаров.

Ал буга чейин президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдиргенин айтып өттү.

"Мен буга чейин билдиргенимдей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам", - деди Жапаров.

Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун эли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин милдетин аткаруучу сот жана укук коргоо системасын реформалоо керектигин белгиледи. Ошондой эле жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатканына кошумчалады.

"Конституциялык реформаларга тоскоолдук кылып, өздөрү каалагандай өткөрүп алалы деген күчтөр бар. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбого чакырам. Элдин дагы бир чоң талабы – бул адилеттүүлүк, айрыкча сот акыйкатсыздыгы жарандарыбызды кыйнап бүттү. Өтө бийик квалификациялык талаптар коюлуучу сот системасында: сабатсыз, күн карама адамдар иштеп жатат. Анын кесепети карапайым калкка оор тийип жатат. Ал эми укук коргоо органдары – заказ аткаргыч органга айланды. Ошондуктан сот жана укук коргоо органдарын реформалоого жетишебиз", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле коррупцияга каршы реалдуу стратегиялык кадамдар жасаларын кошумчалады.

"Коррупцияны эл жасабайт. Аны эл кызматындагы адамдар жасайт. Ошондуктан мыйзамдуулук жана туруктуулук керек.

Мыйзамдуулук орносо миллиарддаган инвестициялар келет, миңдеген жумуш орундары пайда болот, элдин кирешеси көбөйөт, контрабанда токтойт, акыйкаттык орнойт. Ошондой эле мамлекетибиз өнүгөт", - деди ал.

Жолугушуунун соңунда социалдык маанидеги маселелер көтөрүлдү. Аларды чечүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров саясий ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүүдө. Бирок жергиликтүү тургундар жолугушуу учурунда айткан сөздөрүнүн аткарылышын күтөт. Масштабдуу өзгөрүүлөр керек. Так ушундай багытта өлкөнүн жаңы лидери иш алып барууда. Айтылгандардын бардыгы ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенели.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий