• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын 148 жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Россиядан 148 кыргыз жараны учуп келди, арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий