• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Спорт агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Мирлан Пархановго жүктөлдү

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Парханов Мирлан Абдивалиевичке жүктөлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындан мурда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине

ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Аманкулов Канат Маратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий