• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошко Москвадан кыргызстандык жарандар кайтып келди, арасында 25 жаш бала бар

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Кыргызстанга «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 245 кыргызстандык учуп келди, арасында 25 жаш бала бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Элчиликтин кызматкерлеринен, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жана ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий