• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте имараттардын фасаддарын жакшыртуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бишкекте имараттардын фасаддарын жакшыртуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Чүй проспектиси, 48 дарегиндеги үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.

Үйлөрдүн фасадын калыбына келтирүү иштери үч этап менен өттү.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Шаардык мэрия бардык камкор жарандарга Бишкек шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий