• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди кайрадан жүрө баштайт

Коом 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кара-Балта-Бишкек-I темир жолундагы ремонт иштери өз мөөнөтүнөн мурда аяктагандыгына байланыштуу 2018-жылдын 13-апрелинен тартып, Бишкек-Кара-Балта поезди мурда белгиленген график боюнча кайрадан каттай баштайт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган каттам суткасына эки жолу жүргүзүлөт.

Эске салсак,Кара-Балта-Бишкек-I участкасындагы башкы темир жолунда ВПО-3000 машинасы менен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2018-жылдын 15-мартынан тартып, жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулган болучу.

Пикир

Оставить комментарий