• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

MegaCom компаниясы мамлекеттин карамагында калат – Эрбол Султанбаев

Коом 0

Бишкек, 04.07.23./Кабар/. "Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо.

"Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат.

Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө", – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий