• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда дээрлик 3 тонна жүзүм жана алчаны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кадамжайда дээрлик 3 тонна жүзүм жана алчаны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында Ж.К.К. аттуу кыргыз жаранын башкаруусундагы Volkswagen LT 46 үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алган.

Унаадан ар бири 7,5 кг салмактагы 15 коробкада жүзүм, 357 кутуда 7,9 кг өлчөмүндө алча табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 кг, н орточо базар баасы 438 миң 795 сомду түзгөн.

Факт боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий