• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Көлдө унаа уурдоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Кара-Көлдө унаа уурдоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБне 27 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 10-август күнү саат 23:30 чамасында кичи футбол аянтчасында токтоп турган “ВАЗ 2103” үлгүсүндөгү автоунаасын ачкычы ичинде турган учурда белгисиз адам уурдап айдап кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Көл шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Т.Н. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий