• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК билдиргендей, 11-сентябрь күнү Ж.З. аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуунун негизинде УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин каттаган.

"Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С., Ж.З. аттуу жаранга оң чечим чыгарып берүү үчүн андан акча талап кылган. 2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштери учурунда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды", - деп билдирет УКМК.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий