• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курортология институтунан коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, коронавирус күчөгөн мезгилде Социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына эки медициналык мекеме берилген: Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Онкология жана гематология улуттук борбору.

Министрлик кураторлук кылган мезгилден тарта - 8-июлдан бери бул эки медициналык мекемеге 1 миң 116 адам келип түшкөн. Алардын ичинен 1 миң 79 киши айыкса, 37 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий