• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Паранын бир бөлүгүн кайтарып бергенден кийин Бишкектин вице-мэри кармалды — УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып бергенден кийин Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда алынган 6 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери кармалышты.

“Кармалгандар Бишкектин ушул тармакты тейлеген вице-мэри менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандар Бишкек шаарынын вице-мэринин жогорудагы кылмыштын жасалышына тиешеси бар экендигин моюнга алышкан. 24-июлда пара алууну уюштурганы боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу "С.А." кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий