• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышында форум өттү

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышында форум өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Форумдун максаты – КР министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу" боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.

Форумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Бишкек ШИИББнын башчысы Азамат Токтоналиев, Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаардык, райондук ички иштер башкармалыктарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Форумдун башында ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча даярдалган видео тасмалары көрсөтүлдү.

Андан кийин Асанбек Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драмалык театрынын актерлору тарабынан даярдалган “Үй-бүлөлүк зордук- зомбулук” тууралуу кыскача спектакль көрсөтүлдү.

Форумда чогулгандарга милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтык материалдар жана делегаттарга форумдун логотиби түшүрүлгөн төш белгилер, брошюралар жана блокноттор таратылды.

Алгачкы сөз, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовко берилип, ал катышуучуларга кайрылып, “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форумда көрүшүп, элдин коопсуздугун бекемдөөдө салым кошуп жаткандары үчүн ИИМдин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирди.

Өлкөдөгү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сапаттуу камсыздоо үчүн 2021-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганын, Мыйзамдын башкы багыты - коопсуздукту чыңдап, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүп, алардын себептерин өз убагында аныктап, четтетүү экенин билдирди.

Укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын аракеттерин координациялоо актуалдуу жана зарыл болуп жатканын белгиледи.

Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып, Октябрь Урмамбетов форум өлкөнүн бардык шаар-облустарында өткөрүлүп, элге туура жеткирүү жумуштарын жүрүп жатканын, ИИМ тарабынан укук бузууларга бөгөт коюу иштеринин натыйжасында коопсуздукту камсыздоо үчүн республика боюнча 3 миңден ашуун видеокамералар коомдук жайларга, көчөлөргө орнотулуп, күнү-түнү мониторинг иштери жүрүп, Бишкек шаарында 2023-жылдын ичинде изи сууй электе 404 кылмыштын бети ачылганын, издөөдө жүргөн 600гө жакын адам кармалганы боюнча кыскача маалымат берип өттү.

“Учурдун талабы – элдин коопсуздугу, укук тартибинин бекемделиши, өлкөдө туруктуулук бекем орнолушу үчүн жүрүп жаткан иш-чараларга катышып жаткан ар бир жаран, келечегибизге кайдыгер карабаган патриоттору экени талашсыз”, - деп жыйынтыктады Урмамбетов.

Форумдун соңунда ИИО менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө жана милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, алдын алуу иштерин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий