• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 5 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдан кийин Ала-Тоо аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 5 атайын техникасы менен 50 кызматкери камсыздашкан.

Таштандыларды тазалоо иштери аянттан тышкары, Логвиненко көчөсүндө, Ак үйдүн айланасында, Панфилов паркында, Агропром имаратынын айланасында, Шопоков жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий